Жыл башынан бери 38 жаранга мекен-карт берилди

8 декабря 2023, 16:25

Кыргызстанда чет элдик 38 жаранга мекен-карт берилди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын июль айынан тарта башка өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерге мекен-карт картасы бериле баштаган. Бүгүнкү күндө мекен-картты алгандардын саны 38ге жетти жана ал 10 жылга берилет. 

Ошондой эле, ал мекен-картты алган биздин мекендештер Кыргызстандын жарандары кандай укуктарга ээ болсо, алар дагы ошондой эле укуктарга ээ болорун кошумчалады.