Жыл башынан бери 9 млн сомго көрктөндүрүү эрежелери бузулган

6 июня 2023, 10:15

Ушул жылдын январь айынан май айына чейин Көрктөндүрүүнү контролдоо  боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан 6802 чарба  субъектилер, ишканалар, уюмдар жана жеке чарбалар текшерилген. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Текшерүүнүн алкагында, мыйзам бузууларды жасаган адамдарга карата 858 протокол түзүлүп, айып пул 9 058 500 сомду түзгөн. Анын ичинен 386 жеке жактар болсо, 472си юридикалык жактар болуп саналат.