Жыл башынан бери бажы төлөмдөрү пландагыдан дээрлик 270 млн сомго аз чогултулду

8 апреля 2022, 12:35

Жыл башынан бери Мамлекеттик бажы кызматы 14,2 млрд сом төлөм чогулткан. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында мекеменин төрагасы Самат Исабеков билдирди.

“Бекитилген болжолдун аткарылышы 98,1 пайызды түздү. 268,4 миллион сомго аз жыйналды. Мында 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 5,8 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи 168,3 пайызды түздү”, - деди ал.

Ведомство башчысы белгилегендей, 2022-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда бажы төлөмдөрүнүн түшүү болжолу 98,5 млрд сом өлчөмүндө белгиленген.