Жыл башынан бери кызамык менен ооруган 5 миңдей учур катталды

7 марта 2024, 14:41

Быйылкы жылдын 5-мартына карата Кыргызстанда кызамык менен ооруган 4855 учур катталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору билдирди.

Анын ичинен Бишкек шаарында 1428, Ош шаарында 331, Ош облусунда 831, Баткен облусунда 112, Чүй облусунда 1042, Жалал-Абад облусунда 922, Талас облусунда 75, Ысык-Көл облусунда – 80, Нарын облусунда – 54 учур катталды.