Жыл башынан бери Ош облусуна 777,4 млн сом бөлүндү

20 сентября 2023, 12:35

Каржы министрлиги жылдын сегиз айында Ош облусуна бюджеттен бөлүнгөн каражаттар боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, бул аралыкта аймак боюнча бюджеттер аралык трансферттер катары 777,4 млн сом бөлүнгөн:

  • теңдөөчү трансферт - 627,1 млн сом;
  • ыйгарым укуктарды берүүгө -46,3 млн сом;
  • электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга - 16,3 млн сом;
  • жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга - 19,2 млн сом;
  • айыл өкмөттөрдүн башкы планына- 68,5 млн сом,

Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренеси боюнча 211 объектке 1,18 млрд сом сарпталган.