Жол эрежесин бузгандардан бюджетке 396 млн сом түштү

18 октября 2023, 09:50

Быйыл тогуз айда жол эрежелерин бузуу боюнча төлөнгөн айыптардан мамлекеттик бюджетке 396 млн 092 миң 240 сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2022-жылга жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 60 млн 212 миң 170 сомго көбөйгөн.

Белгилеп кетсек, жыл башынан бери жалпысынан 746 миң 673 айдоочу жол эрежесин бузгандыгы аныкталды.