Жыл башынан бери жол тармагына 3,9 млрд сом жумшалды

8 июня 2023, 12:27

Ушул жылдын беш айында жол тармагына 3,9 млрд. сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. 

Белгилеп кетсек, 2023-жылы Транспорт жана коммуникация министрлигине 17,8 млрд. сом каралган. 

Быйылкы жылга карата жол тармагынын негизги иш-чаралары: 

  • жол-курулуш техникасын сатып алуу;
  • битум сатып алуу;
  • жолдорду асфальттоо;
  • жолдорду оңдоо жана куруу болуп саналат.