Жыл башынан бери жарнамадан бюджетке беш млн сом түштү

16 ноября 2022, 16:10

Ушул жылдын он айында жарнама компаниялары бюджетке 5 миллион сом салык төлөдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда парламент жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдан тарта жарнамалык өнүмдү өндүрүүчүлөр жалпы салык режимине өтүштү.

“Эски салык кодекси боюнча, жарнама компаниялары сөзсүз түрдө патент алып иштеп келишкен. Тариф 2,5 миң сомду түзгөн. Мындан жылына 3,5-4 миллион сом түшүп турган. Быйылкы жылдан тарта алар жалпы салык режимине өтүштү, анын негизинде салыктын көлөмү да жогорулады. Быйыл 10 айдын ичинде 5 млн сом салык түштү”, - деди Кыдыргычев.

Бул тууралуу Министрлер кабинети сунуштап жаткан “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" талкуулоо учурунда айтылды.