Жылдык кирешеси 8 млн сом болгон ишкерлерге жеңилдиктер берилет

22 марта 2023, 10:45

Жогорку Кеңеш жылдык кирешеси 8 миллион сомго жеткен жеке бизнес үчүн салык жеңилдиктерин берүү мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай ишкерлер киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн башка бардык салыктардан бошотулат.

"Алар патент албай эле койсо болот. Бирок кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонуу милдеттүү бойдон калат", - деп айтылат маалыматта.

ККМ реалдуу режимде бардык маалыматты жана электрондук эсеп-дүмүрчөктөрдү жөнөтүү функциясына ээ болушу керек.