Жылдыз Ашиналиева «Азия банкындагы» кызматынан кетти

16 января 2023, 09:36

“Азия Банкы” ЖАКтын Директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Алсак,  директорлор кеңешинин чечими менен 2018-жылдын апрель айынан бери бул кызматты аркалап келген Жылдыз Ашиналиеванын ыйгарым укуктары токтотулду.

Анын ордуна ким келери айтыла элек.