Жамгыр кениндеги алтынды калыбына келтирүүчү фабрика августта ишин жандантат

8 января 2021, 16:15

Жамгыр кениндеги алтынды калыбына келтирүүчү фабрика 2021-жылдын август айында ишке киргизилет. Бул тууралуу премьер-министрдин м.а. Артем Новиковдун тоо-кен жайына болгон иш сапарынын алкагында маалым болду. 

 

 

Ал белгилегендей, Vertex Gold Company компаниясынын иши инвесторлор үчүн жакшы сигнал берүүдө. 

«Компания октябрдагы окуялардан кийинки кыйынчылыктарга карабастан, өз ишин жандантканына кубанычтамын. Бул Кыргызстандагы рыноктун стабилдуүлүгү тууралуу инвесторлор үчүн жакшы сигнал болуп берди. Муну менен катар, компания өз ишин белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен жандантат», — деп айтты Артем Новиков.