«Кумтөрдүн алтыны». Жогорку Кеңеште комиссия түзүү сунушталды

28 сентября 2022, 10:27

Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Шакиев 28-сентябрдагы парламент жыйынында “Кумтөр” маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, буга чейин Министрлер кабинети алтындын ар бир граммы үчүн эсеп берүүнү убада кылган, бул маселе коомчулукту да түйшөлтүүдө.

“Тез арада депутаттык комиссия түзүп, анын курамына фракция лидерлерин жана ар биринен бирден депутатты киргизүүнү суранам. Бул маселе боюнча бизге көп каттар келип жатат”, - деди Шакиев.