Улуттук банктын алтыны 1,65 долларга кымбаттады

19 января 2024, 10:02

19-январга карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унцийин кайра сатып алуу баасы 185 миң 466,5 сом деп белгиленди.

Кечээ көзөмөл органы элден 31,1035 грамм салмактагы куймаларды 185 миң 319,5 сомго сатып алган. Ошентип, бир сутка ичинде баа 147 сомго, же 1,65 долларга кымбаттады.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктан алтын стандартындагы куймалардын унцийин 188 миң 248,5 сомго сатып алса болот.