Улуттук банктын алтын-валюта резервдери тарыхый жогорку чекке жетти
«Улуттук банктын алтын-валюта резервдери акыркы 5 жылда тарыхый жогорку чекке жетип, 2 млрд 417 млн АКШ долларын түздү. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын кирешеси 2 млрд 560 млн сомду түздү», — деп маалымдады Толкунбек Абдыгулов 6-январдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда.
Анын айтымында, алтын-валютанын запасы бүгүнкү күндө 2 млрд 417 млн долларды түзгөн.
«2019-жыл Улуттук банк үчүн гана эмес, өлкөнүн бүт финансылык системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады», — деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.