Антимонополия бюджетине 170 млн сомдон ашык киреше төккөн

31.01.2023, 16:03 Акчабар
Антимонополия бюджетине 170 млн сомдон ашык киреше төккөн

Былтыркы жылы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы республикалык бюджетке кирешени 170 миллион сомдон ашык каражатка камсыз кылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, аталган кызмат "Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Жарнак жөнүндө" мыйзамдардын нормаларынын аткарылышын жана метрологиялык көзөмөлдү жүргүзөт.

Контролдук иш-чаралардын алкагында республикалык бюджетке 172,1 млн сом түшкөн. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 3,7 миллион сомго көп.

Мындан тышкары, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иштердин алкагында керектөөчүлөр менен төмөнкүдөй кайра эсептөөлөр жүргүзүлдү:

  • 2022-жылга - 16,7 млн ​​сом;
  • 2021-жылга - 15,3 млн сом;
  • 2020-жылга - 6,6 млн.

"Ошондой эле, учурда кызматтын иши айрым субъектилерге карата соттук териштирүүлөрдүн алкагында уланууда, анын жыйынтыгы боюнча бюджетке кошумча 100 миллион сом түшөт", - деп белгилейт Монополияга каршы күрөшүү кызматы.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу