ANZ: Блокчейн банктарды алмаштырбайт

27.03.2019, 09:05 Акчабар
ANZ: Блокчейн банктарды алмаштырбайт

Австралия менен жаңызеландия банкынын тобу  (ANZ)  блокчейн  банктарды алмаштырбайт деген пикирде. Бул тууралуу  BitNovosti жазды.

Автраслияда  капиталы боюнча үчүнчү  орунда турган финансы мекемеси  кадыресе финансы мекемелери жаңы технологиялардын келиши менен жок болбойт деген позицияда.  

«Блокчейн акыркы мезгилде гана популярдуу болууда. Анткени аны  криптовалютанын фанаттары жайылтууда. Жашоодогу баардык маселени чечүүнү сунуштаган блокчейндин рекламасы бизнестеги бир нече маселени чечкен менен ошондой эле масса суроону жаратат» – ANZ Institutional  соода жана продукцияларды жеткирүү  боюнча директорунун орун басары  Мария Беллмас.

Анын  айтымында  блокчейнди турукту финансы мекемесине киргизүүнүн  кажети жок.

«Блокчен-долбоору  сунуштап  жаткан көп проблемаларды  азыркы учурдагы технологиялар бар. Учурда баардык технолгиялар  блокчейнсиз эле арзан жана жеткиликтүү чечилет» – деп билдирет ANZ.

Ошондуктан ал блокчейндин келечеги жок деген позицияда. Бирок,  ANZ  баардыгы дагы ушундай позицияда эмес. Анткени, айрым банктын группалары  блокчейн-долбоорлоруна кошулуп,  Quorum JPMorgan блокчейн-платформасына кошулуп, IBM камсыздоо  боюнча технологияларды иштеп баштады.

Тэги: банки блокчейн ANZ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу