Apple ишканасы кардарларына 500 млн долларга чейин компенсация төлөйт

03.03.2020, 16:00 Акчабар
Apple ишканасы кардарларына 500 млн долларга чейин компенсация төлөйт

Apple  ишканасы  iPhone үлгүсүндөгү телефондун ээлерине 310 млн доллардан 500 млн долларга чейин компенсация төлөп берүүгө даяр. Мунун себеби, эски моделдеги iPhone телефондорунун жай иштөөсү себеп болгон. Бул тууралуу Reutersбасылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, макулдашуунун шарттарына ылайык ишкана эски моделдеги смартфондорунун ээлерине 25 доллардан төлөп берүүгө милдетүү. Аталган чечим сот аркылуу тастыкталышы керек деп айтылууда.

Apple ишканасына карата доо арыз менен iPhone 6, 6 Plus, 6s, 6s Plus, 7, 7 Plus жана SE смартфондорунун ээлери кайрылып, алар жаңылануудан кийинки программалык камсыздоонун ишине даттанган. Ишкананын маалыматына караганда, өндүрүмдүүлүктүн начарлашы колдонуунун көптүгү жана гаджеттин температурасынын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан.  

Тэги: Apple компенсация iPhone

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу