Апрелде медициналык кызматкерлердин компенсациясы үчүн 105 млн 400 миӊ сом бөлүндү

13.05.2020, 16:15 Акчабар
Апрелде медициналык кызматкерлердин компенсациясы үчүн 105 млн 400 миӊ сом бөлүндү

Республикалык штаб медициналык кызматкерлерге апрель айында төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөр боюнча маалымат берди.

«Бүгүнкү күнгө Саламаттык сактоо министрлигинин жана КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмдун депозиттик эсебине 2020-жылдын апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө максатында 105 млн 400 миӊ сом каражаты которулду», — деп айтылат маалыматта.

Штабдан билдиришкендей, коронавирустан каза болгон саламаттык сактоо уюмунун медицина кызматкери Ж.А. Кокумбаеванын үй-бүлөсүнө 1 млн сом кенемте берилген.

Тэги: апрель медициналык кызматкерлер компенсация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу