Ош: Аравандын анары быйыл экспортко чыгат

07.09.2021, 11:40 Акчабар
Ош: Аравандын анары быйыл экспортко чыгат

Ош облусунун Араван районунда анар бышып сатыкка чыкты. Аны быйыл Орусия менен Казакстанга экспортко чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу “Акчабарга” Араван райондук администрациясынын агрардык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

“Учурда Араван районунда анардын баасы дүңүнө 35 сомдон бааланды. Ал эми базарда көлөмүнө карап 40 сомдон баштап 60 сомго чейин сатылып жатат. Жыл сайын дыйкандар өстүргөн анар ички базарда гана сатылып келген. Эгерде анардын көлөмү чоң болуп, товардык көрүнүшү да жакшырса экспортко чыгарат", - деди райондук агрардык өнүгүү бөлүмүмүн адиси Нурланбек Кубатов.

Маалыматка ылайык, Араван районунда быйыл 102 гектар жерге анар эгилген.

Тэги: анар экспорт Араван

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу