Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян иш сапары менен Кыргызстанга келди

09.08.2019, 10:00 Акчабар
Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян иш сапары менен Кыргызстанга келди

Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян иш сапары менен Кыргызстанга келди

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

Визиттин жүрүшүндө Никол Пашинянды Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы кезектеги жыйын 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу