Армениянын бешинчи президенти болуп Ваагн Хачатрян шайланды

04.03.2022, 10:00 Акчабар
Армениянын бешинчи президенти болуп Ваагн Хачатрян шайланды

Бейшембиде өлкөнүн парламенти Ваагн Хачатрянды Армениянын бешинчи президенти кылып шайлады. Экинчи турда жалгыз талапкер болгон Хачатрянга 71 депутат добуш берди.

Буга чейин парламент президент Армен Саркисяндын отставкасын кабыл алган. Ал январдын аягында күтүүсүз кызматтан кетүүнү чечкен жана бул кадамын ыйгарым укуктарынын чектелүүлүгү менен байланыштырган.

Ваагн Хачатрян Еревандын мэри, президенттин кеңешчиси болгон. Өткөн жылдын август айында болсо жогорку технологиялык өнөр жай министри болуп дайындалган.

 

 

Тэги: Ваагн Хачатрян Армен Саркисян Армения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу