«Артель Электроникс» Ошто тиричилик техникасын өндүрүүнү пландоодо

11.09.2020, 10:50 Акчабар
«Артель Электроникс» Ошто тиричилик техникасын өндүрүүнү пландоодо

Кыргыз-өзбек биргелешкен  «Артель Электроникс»  ишканасы 2023-жылдан тарта экспортко чыгууну жана Оштон газ плита, телевизор  өндүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалат.

Азыркы учурда ишкана айына 900гө жакын кир жуучу машина чыгарат. Ай сайын 3 млн сомго жакын соода жүргүзөт. Өндүрүлгөң продукциялар азырынча ички рынокто сатылат, бирок кийинчерээк экспортко чыгуу пландалууда.

Коммерциялык директор Орозбай Атоджановдун айтымында, фабрикада азырынча 105 адам иштейт, кийинчерээк жумушчу орунду 200гө жеткирүү каралууда.

Сооронбай Жээнбеков 10-сентябрда, Ош шаарына болгон иш сапарда заводдун иши менен  таанышып чыкты.

Кошумчалай кетсек, өлкө башчы эки өлкө ортосунда соода жүгүртүүнү өнүктүрүү керек экендигин жана өлкө экспорт боюнча эң ири потенциалга ээ экендигин баса белгиледи. 

Тэги: Кыргыз-өзбек Ишкана Артель Электроникс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу