Новиков БУУнун координатору Озонниа Ожиело менен мындан аркы кызматташтыкты талкуулады

03.12.2020, 12:45 Акчабар
Новиков БУУнун координатору Озонниа Ожиело менен мындан аркы кызматташтыкты талкуулады

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргызстандагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Артем Новиков Кыргызстандын Өкмөтүнүн БУУ тутумунун бардык институттары менен өнөктөштүктү күчтөндүрүүсүнө ишеним билдирди.

«Эл аралык көмөктөштөрдүн көмөгү өкмөттүн айрым програмаларын ишке ашырууда алдыңкы тажрыйбаларды ишке киргизүүгө өбөлгө түзүп бере алат. Алсак, ишкерлик тармакты колдоого алуу, мамлекеттик түзүмдөрдү реформалоо, өлкөнү өнүктүрүү боюнча көмөк бере алат», - деп белгиледи Новиков.

 

Озонниа Ожиело өз кезегинде кызматташтык үчүн ыразычылык билдирип, уюм республика менен өнөктөштүккө жогору баа берерин белгиледи.

Андан сырткары, пандемияга карата берилүүчү жардамдар жана кызматташуу боюнча маселелер талкууланды. 

 

 

Тэги: ООН Артем Новиков экономика премьер-министр борьба с COVID-19

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу