Асрандиев облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн катышуусу менен жыйын өткөрдү

10.03.2020, 11:00 Акчабар
Асрандиев облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн катышуусу менен жыйын өткөрдү

Штабдын башкы максаты - ата мекендик рынокто туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

Штабдын бул жолку жыйыны КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен селектордук режимде өттү.

Вице-премьер-министр райондордо жана облустарда штабдарды уюштуруу, алардын алкагында күнүгө чогулуп, айыл чарба продукцияларынын запасына анализ, бааларга мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берди.

«Туруктуу өндүрүш көлөмүн, ташып келүүнү камсыз кылуу жана баалар боюнча өндүрүүчүлөр, ташуучулар, ири соода түйүндөрүнүн жана базарлардын кожоюндары менен жолугушууларды өткөрүү максаттуу. Биз чийки заттардын көлөмү, ташып келүү боюнча келишимдер, каржылоодогу муктаждыктар жана чет элдик жумушчу күчтөрдүн зарылдыгы жөнүндө билишибиз зарыл», - деди Эркин Асрандиев.

Вице-премьер-министр ошондой эле айыл чарба продукцияларынын, азык-түлүктүн запасы жана калктын керектөөсү тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдардын отчётун укту.

«Биз рыноктогу запастын абалы боюнча билишибиз керек. Ири соода түйүндөрүнүн жана азык-түлүк базарларынын кожоюндары менен сатуунун көлөмү жөнүндө маалыматтарды күнүгө берип туруусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл», - деди вице-премьер-министр.

Ал мамлекеттик органдардын алдын ала берген маалыматы боюнча, ата мекендик рынокто кырдаал туруктуу экенин кошумчалады. Айыл чарба багытындагы товарлар жетиштүү санда, ал эми аларды экспорттоо мурдагыдай эле жүзөгө ашырылууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, кыргыз тарап продукцияларды ташууга кандайдыр бир чектөө киргизген жок. Ошол эле учурда муктаждыктагы товарларды ташуунун көлөмүнө көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Тэги: Асрандиев айыл-чарба продукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу