Асрандиев: Коронавируска каршы күрөшүү үчүн атайын эсепке 8,7 млн сомдон ашык каражат түштү

23.03.2020, 13:50 Акчабар
Асрандиев: Коронавируска каршы күрөшүү үчүн атайын эсепке 8,7 млн сомдон ашык каражат түштү

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн бизнес өкүлдөрүнөн жана жарандардан жардам иретинде атайын ачылган эсепке 8,7 млн сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал учурдагы кырдаалда бизнес өкүлдөрүнөн жана жарандардан жардам иретинде каражат берилип жатканын айтып, алар Каржы министрлигинде жана «Айыл Банк» жана «РСК Банкта» ачылган эсепте топтолууда.

Анын айтымында, учурда ал акчалардан бир сом да сарптала элек.

Учурда өлкөдө COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14кө жетет (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Тэги: Асрандиев коронавирус каршы күрөшүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу