Асрандиев: Кыргызстанда азык-түлүк запасы жетиштүү, тынчсызданууга себеп жок

13.03.2020, 09:00 Акчабар
Асрандиев: Кыргызстанда азык-түлүк запасы жетиштүү, тынчсызданууга себеп жок

Коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб тарабынан ата мекендик рынокко мониторинг жүргүзүү көрсөткөндөй, өлкөдө азык-түлүк продуктуларынын жана товарлардын камы жетиштүү, алардын баасы туруктуу.

«Биз баарыбыз адамбыз, дүйнөдө болуп жаткандын бардыгын кабатыр болуу менен кабыл алабыз. Буга кошумча айрым адамдар азык-түлүк товарлары жетишсиз делген маалыматтарды таратып, аларды камдап алууга чакырышууда. Кандай кырдаал болбосун – «жаманга даяр болуп, жакшыдан үмүт үзбө» деп коет. Айрыкча, өлкөдө азык-түлүктүн камы жетиштүү деген расмий маалымат болгондуктан, тынчсызданууга негиз жок. Мен төрт баланын атасымын, бирок азык-түлүк камдаган жокмун. Тамак-аш продуктулары дайыма жетиштүү болот», - деди Эркин Асрандиев.

Министрликтердин жана ведомстволордун жер-жерлерде азык-түлүк коопсуздугуна жооптуу өкүлдөрү билдиришкендей, коңшу өлкөлөрдүн жарандары чындыгында Кыргыз Республикасынын аймагынан продуктуларды сатып алышкан. Бирок бул бир гана жолу байкалган. Баалары жана сатуу тууралуу айтсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча социалдык жактан мааниге ээ айыл чарба товарларынын жана азык-түлүктөрдүн баасынын жогорулашы байкалган эмес. Өсүмдүк майынын, ундун, ошондой эле сезонго байланыштуу айрым жашылчалардын баасы бир аз көтөрүлгөнү белгиленген.

Анткен менен Коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын чечими боюнча буудайдын кошумча көлөмүн камсыздоо жана аны кайра иштетүү үчүн ун өндүрүүчү ишканаларды каржылоо мүмкүндүгү каралууда.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин тапшырмасы менен антимонополиялык агенттиктин кызматкерлери биринчи кезектеги керектөө товарларынын баасына мониторинг жүргүзүшүүдө. Мындан тышкары алар өлкөнүн ири соода түйүндөрү жана азык-түлүк рынокторунун өкүлдөрү менен сатуулардын жана баалардын туруктуулугун камсыздоо боюнча жолугушууларды өткөрүштү.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги айыл чарба продуктуларынын жана тамак-аш продуктуларынын камы боюнча күн сайын маалымат топтоп, талдоо жүргүзүүдө. Ошондой эле баалардын, өндүрүш көлөмүнүн жана ташуулардын туруктуулугун камсыздоо үчүн ири өндүрүүчүлөр жана ташуучулар менен жолугушууларды өткөрүп жатышат.

Мындан тышкары Финансы министрлигине, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине бюджетти кармоо, продуктулар жана дары-дармектер менен камсыздоого жардам көрсөтүү боюнча донорлор менен иштөө тапшырылды.

Жалпысынан ата мекендик рынокто азык-түлүк боюнча абал туруктуу. Өлкөдө азык-түлүк продуктуларынын камы жетиштүү, тынчсызданууга себеп жок.

Тэги: Асрандиев КР азык-түлүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу