Авариялык абалдагы мектептерди курууга бюджеттен 353 млн сом каралган

07.08.2020, 17:30 Акчабар
Авариялык абалдагы мектептерди курууга бюджеттен 353 млн сом каралган

Үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттен 29 мектептин курулушуна 353 миллион сом каралган, ал эми 29 мектептин курулушун бүтүрүүгө 1 миллиард 475 миллион сом талап кылынат. Бул туурасында бүгүн өткөн брифингде Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Урматбек Кокочаров билдирди.

“Бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, Коррупцияга каршы бирдиктүү депозиттик эсебинен бөлүнгөн каражаттын эсебинен дагы 15 мектептин имараты курулуп жатат ”, - деди ал.

Кокочаровдун маалыматы боюнча, Республика боюнча, 2019-жылы Өкмөт тарабынан түзүлгөн Комиссия авариялык мектептер катары тааныган 245 мектептин тизмеси түзүлгөн. Анын ичинен, 117 мектеп авариялык абалда турат жана эч бир тизмеге киргизилген эмес. Калган мектептердин курулуш жана долборлоо иштерин каржылоо республикалык бюджеттин, башка фонддордун жана Бишкек менен Ош мэрия тарабынан жүргүзүүлүдө.

Тэги: авариялык мектептер мамлекеттик казына Урматбек Кокочаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу