Өкмөт: 2020-жылы баардык авариялык мектептер оңдолот

11.11.2019, 16:15 Акчабар
Өкмөт: 2020-жылы баардык авариялык мектептер оңдолот

Өкмөттүн 2020-жылы авариялык абалдагы баардык мектептерди оңдоо ниети бар. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджет жана финансы боюнча комитеттин отурумунда айтты.

Анын айтымында, кийинки жылы социалдык тармакка чыгымдар көбүрөөк болот. Премьер-министр ушул жылдын октябрынан тарта мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнүн эскертти. 2020-жылы буга 8 миллиард сом керектелет.

«Биз авариялык абалдагы баардык мектептерде иштерди бүтүрөлү деп жатабыз. Буга депутаттар жардамга келет деген үмүт чоң. Окуучулар үчүн баардык шарттарды түзүү керек. 30га жакын мектеп Сауд Арабия фондунун каражатына курулат. Мындан тышкары жеке жактар дагы жардамга кол сунууда», — деди өкмөт башчы.

Тэги: авариялык мектеп 2020-2023 Өкмөт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу