Азербайжандын президенти коронавирус менен күрөшүүгө өзүнүн бир жылдык эмгек акысын бөлдү

24.03.2020, 10:15 Акчабар
Азербайжандын президенти коронавирус менен күрөшүүгө өзүнүн бир жылдык эмгек акысын бөлдү

Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев коронавирус менен күрөшүүгө өзүнүн бир жылдык эмгек акысын бөлдү. Бул тууралуу Азербайжандын Спутник басылмасы билдирди. 

Алиевдин эмгек акысы, мамлекет башчы тарабынан түзүлгөн коронавирус менен күрөшүү Фондуна которулат. Белгилей кетсек, президенттин бир айлык эмгек акысы, өлкөнүн шайлоо кодексине жараша түзүлгөн 15 миң манат (9 миң долларга жакын) турат. 

Алгач фондко, президенттин резервдик фондунан 20 миллион манат (12 миллион доллар) которулган. Бул фондко физикалык жана юридикалык жактар дагы акча каражат которо алышат. 

21-мартка карата Азербайжанда коронавирус менен ооругандардын саны 53 адамга жетти.  Анын ичинен 10 бейтап айыгып, бирөө каза тапты. 

Тэги: Азербайжан Азербайжан президент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу