Ажикеев: Кыргызстанда азык-түлүк боюнча кооптонууга негиз жок

15.03.2022, 11:03 Акчабар
Ажикеев: Кыргызстанда азык-түлүк боюнча кооптонууга негиз жок

Кыргызстанда ундун, кумшекердин жана өсүмдүк майынын жетиштүү кору бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Россия жана Украинадагы окуялардын улам Кыргызстанда бир катар имиштер пайда болуп, азык-түлүк боюнча туура эмес маалыматтар тарап жатат.

“Дүкөндөрдө азык-түлүктүн көлөмүнүн азайышы жана баасынын жогорулашы байкалууда. Учурда өлкөнүн соода түйүндөрүнө 1 млн кг кумшекерди жана 500 миң литр өсүмдүк майын таркатып жатабыз. Кумшекердин сатылышы 1 кг 70 сом, майдын 1 литри 130 сомдон сатылат. Ишенимдүү түрдө айта алам, Кыргызстанда ундун, кумшекердин жана өсүмдүк майынын жетиштүү кору бар”, - деди Ажикеев.

Ошондой эле ал калктын аярлуу катмарына акысыз 11 миң 467 тонна ун берилгенин жана дагы 7 миң тоннага жакын ун таркатылганын айтып, калкты дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Тэги: сахар, ун,май азык-түлүк Бообек Ажикеев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу