Кыргыз экономикасында өсүү болобу? Азия өнүктүрүү банкынын болжолу

25.04.2019, 13:13 Акчабар
Кыргыз экономикасында өсүү болобу? Азия өнүктүрүү банкынын болжолу

Бүгүн Азия Өнүктүрүү банкы "2019-жылдагы Азиянын өнүгүшүү" аттуу  жылдык болжосун Бишкекте жарыялашты. Анда экономикадагы өсүү  4,0 % болуп, инфляция 3,0% жогорулайт деп чыгышты. Быйылкы жылдга карата АӨБ экономикалык  кандай болжолдоо болгону тууралуу "Акчабар"  финансы порталы маалымдайт. 

201-жылдагы макроэкономикалык абалга карап, Азия өнүктүрүү банкы 2019-жылга карата жылдык болжоосун жарыялашты. Анда Кыргызстандагы экономикалык өсүү 4,0% , ал эми 2020-жылы 4,4%  болот деп болжонууда. Анда өлкөдө  алтын өндүрүү  жанданат деп жазылган. 

«Учурдагы операциялардын эсебиндеги дефицит 2017-жылдагы 6,5 % дан 8,7%  жогорулашы мүмкүн. Жылдын аягында ипорттун көлөмү  көбөйүп, 9,2% жетсе, экспорт өзгөрүүсүз калган. Ал эми акча которуулар 5,5 % жетип, ал 2017-жылга салыштырганда 24.3% түшүү болот деп билдирди», –Азия өнүктүрүү банкынын башкы экономисти Гулкаир Тентиева. 

АӨБ болжолунда учурдагы операциялардын жетишсиздиги  келерики 2019-2020-жылдары 12% жогорулашы мүмкүн. 

Мигранттардан акчанын агымы АӨБ эсеби боюнча  келерики эки жылда  5%-10% өсүшүү күтүлүүдө деп билдирди. Экономисттер буга ЕАЭБ  Кыргызстандын мүчө болгондугуна байланыштуу мигранттарга түзүлгөн ыңгайлуу шарттар, РФ экономкасындагы  уланып жаткан экономикалык өсүү  себеп болот деп билдирди. 

Бирок, буга КР Экономика минстрлигин макроэкономика Башкармалыгынын жетекчиси  Насирдин Шамшиев макул болгон жок. 

«АӨБ 2017-жылы өсүү жайлаган деп билдирүүдө. Алар 2017-жылы экономикада  4,7% түштүңөр деп жатпайбы, бирок биз 2017-жылды 100% алсак, анда 4,7  дагы 3,5 кошуу  менен  бизде өсүү 3,5% болгонун айтууга болот. Бизде өсүү бар, бирок темпи жай. Ал былтыр алтын кенин өндүрүүнүн көлөмү  азайганына байланыштуу», – деп тактоо киргизди. 

Ошол эле учурда мигранттар тарабынан келүүчү  акчанын агымына дагы болжолдоо учурдагы  Экономика министрлиги даярдап жаткан документен айырмаланат. 

«Азия өнүктүрүү банкы мигранттардан акчанын агымы 5-10% чейин деп жогору берүүдө. Быйыл Россияга карата экономикалык санкциялар күчөсө, ошондой эле нефтинин баасы төмөндөсө, рубль менен  сомдун дагы наркы түшүп, акча которуунун  агымы биздин болжол менен 3,5% болушу ыктымаал », –деп билдирди КР Экономика министрлигин макроэкономикалык Башкармалыктын жетекчиси Насирдин Шамшиев. 

Кыргыз бийлиги ушул жана келерки жылга карата экономикалык болжосун май айында жарыялайт.  

Тэги: АБР прогнозы экономический рост Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу