Экс-мэр Суракматов кылмыш ишинин алкагында тергөө менен келишим түзүп, 150 млн сом төлөдү

16.07.2021, 09:40 Акчабар
Экс-мэр Суракматов кылмыш ишинин алкагында тергөө менен келишим түзүп, 150 млн сом төлөдү

Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматовго Биринчи май райондук сотунун мурда камакка алуу түрүндө тандалган баш коргоо чара чечими кылмыш иши боюнча тергөө аяктаганга чейин сыртка чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Тергөөдөгү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, Жазык-процесстик мыйзамына ылайык, Азиз Суракматов тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүп, ага ылайык, ал Бишкек шаарындагы башка жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берген. Ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 млн сомдун 150 миллионун кайтарып берген. Калган каражат график боюнча төлөнөт.

Мындан тышкары, бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралар уланууда. 

Тэги: Азиз Суракматов ГКНБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу