Баалуу кагаздардын эсебинен КР бюджетине 3.2 млрд сом түшкөн

12.03.2020, 10:00 Акчабар
Баалуу кагаздардын эсебинен КР бюджетине 3.2 млрд сом түшкөн

2020-жылдын январь-февраль айларында чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздардан республикалык бюджетке 3.2 млрд сомго жакын каражат түшкөн. Бул тууралуу Кыргшызстандын финансы министрлиги билдирди. 

Белгилей кетсек, каражаттын көпчүлүк бөлүгү же 72.8% 2 млрд 321.8 млн сом жана 868.6 млн сом мамлекеттик казына векселдеринин эсебинен жайгаштырылган мамлекеттеик баалуу кагаздардан түшкөн. 

Буга чейин финансы министрлиги бюджетке Мамлекеттик баалуу кагаздардан 2.55 млрд сом түшүрүүнү пландап келген. Көрсөткүч күткөндөн дагы 25% жогору болгон. 

Тэги: Баалуу кагаздар бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу