Багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээли жогорулатылды

17.11.2021, 10:35 Акчабар
Багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээли жогорулатылды

Багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээли жогорулатылды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ага ылайык, багуучусунун биринен айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып  - 1500 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 2000 сомго чейин жогорулатылат.

Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан жана энесинен айрылган учурда, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 3000 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 6000 сомго чейин жогорулатылат.

Соцфонддун болжолдуу маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу 60 миң адам турат. Анын ичинде ата-энесинин бирин жоготкон – 58,8 миң адам, ал эми ата-энесинен бирдей айрылган 500 миң адам бар.

 

Тэги: пенсия минкаб Соцфонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу