Байсалов: Кыргызстан динамикалуу, билимдүү, интеграциялашкан, тынч жана туруктуу аймак

05.11.2021, 14:10 Акчабар
Байсалов: Кыргызстан динамикалуу, билимдүү, интеграциялашкан, тынч жана туруктуу аймак

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Европа биримдиги жана Борбор Азия ортосундагы бизнес-өнөктөштүк" бизнес-форумунда мындай иш-чара өлкөдө алгач ирет өтүп жатканын жана ал Кыргызстан менен Европа биримдиги жана Борбор Азиядагы өнөктөштөр алдында турган маанилүү маселелерди талкуулоого арналганын билдирди.

"Жаратылыштык жана адамдык ресурстарга бай Борбор Азия мамлекеттерин айрым алып караганда, регион олуттуу мааниге ээ болуусу үчүн анын чакандыгы жана ыраак жайгашкандыгы тоскоолдук жаратат, ошол эле учурда жалпысынан регон катары биз Европа Биримдигине өз "көз-карашыбызды" сунуштай алабыз. Биздин регион динамикалуу, билимдүү, интеграциялашкан, тынч жана туруктуу аймак, демек, мунун өзү – биз дүйнөдө өзгөчө орунга ээ болобуз дегенди билдирет. Ошондой эле бул биздин регионду өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарыл дегенди түшүндүрөт", – деди Байсалов.

Ал белгилегендей, күч-аракеттерди бириктирүү менен гана өлкөлөрдүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн, сооданын акыйкат эрежелерин жана чыныгы атаандаштыкты орнотуп, суу ресурстарын башкарууну, экстремизмге каршы күрөштү камсыздап, жакырчылыкты төмөндөтүп, курч социалдык көйгөйлөрдү чечип, этностор ортосундагы биримдикке өбөлгө түзүп, заманбап дүйнөдөгү башка коркунучтарды жеңип чыгууга, биринчи кезекте биздин өлкөлөрдү климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого жана анын кесепеттерин жумшартууга мүмкүндүк алса болот.

Тэги: бизнес-форум Европа биримдиги байсалов минкаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу