Бажы кызматкерлери кезектеги аткезчиликти аныкташты

03.03.2020, 13:45 Акчабар
Бажы кызматкерлери кезектеги аткезчиликти аныкташты

«Баткен» бажысынын кызматкерлери мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 20250 кг., болгон компот аралаштырмасын аныкташкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Жаштык айлынында «Ж. уулу Н.», аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы «DAF ХF95» үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Тешерүү учурунда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 20250 кг., болгон компот аралаштырмасы табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 810000 сомду түзөт.

Ошондой эле, «Баткен» бажысынын кызматкерлери Баткен районуна караштуу Рабат айлынын аймагынан «А. уулу А.» аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы «Daewoo nexia» үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Транспортто мыйзамсыз ташылып келе жаткан 7500 пачка «CAVALLO» маркасындагы тамеки продукциясы табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 600 000 сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Тэги: бажы кызматы Аткезчилик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу