Бажы кызматынын бюджеттик планы 3.9 млрд. сомго толбой калды

22.10.2019, 13:44 Акчабар
Бажы кызматынын бюджеттик планы  3.9 млрд. сомго толбой калды

Бүгүн, 22 – октябрда транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетининин жыйынында Өнүгүү-Прогресс фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу бажы тармагындагы бюджеттин абалы тууралуу суроо салды. 

Бажы тармагынын кызматкерлери коюлган планга бюджеттен 3,9 млрд. сомго кем аткарылганын билдиришти.  

МБК админстративдик чыгашаларды 500 млн. сомго көбөйтсө деле , жыйынтык болбой жатканын билдирди. 

«Жылдын аягына чейин дагы убакыт бар. Абалды жакшырпасаңар дагы, жок дебесе планды өткөн жылдагыдай кылып жапкыла», - деп айтты эл өкүлү. 

Учурда комитет жыйында «КР 2020 – жылдагы республикалык бюджети жана 2021-2022 жж. бюджетти божомолдуу кароо»  мыйзам долбоорун карап жатышат. 

Тэги: бажы тармагы бюджет 2019 -2020

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу