Бажыдагы текшерүү 90 секундда. «Бир Бол» коррупция менен кантип күрөшөт?

30.09.2020, 17:10 Акчабар
Бажыдагы текшерүү 90 секундда. «Бир Бол» коррупция менен кантип күрөшөт?

«Бир Бол» партиясы бажы пункттарында товарларды текшерүүдө көзөмөл-өткөрмө процессин автоматташтырып, бажы кызматкерлеринин санын азайтууну сунуштайт.

Кыргызстанда мамлекеттин казынасынан бир тыйын коротпой, 90 секунд ичинде «растаможка» кылууга  мүмкүнчүлүк түзө турган реформаны кантип ишке ашырса болот?

- Бажы кызматы менен салык кызматы бириктирилет.

- Бажыдагы кызматкерлердин саны азаят.

- Бардык чек ара пункттарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде эл аралык инвестор тарабынан «3D рентген-тоннелдер» курулат.

- Чек арадагы операторлор мамлекеттик-жеке өнөктөш инвестор тарабынан ишке алынат.

- Бардык фуралар 90 секунд ичинде рентгенден өтөт.

- Ал жерде алынган 3D сүрөттөр жана электрондук декларациялар Бишкектеги диспетчердик борборго ошол эле учурда жөнөтүлөт.

- Бажы кызматкерлери айдоочу жана жүктүн ээси менен беттешпейт, Бишкектеги Көзөмөлдөө борборунан туруп эле 3D сүрөттүн декларацияга дал келип-келбегенин 1 мүнөт ичинде тастыктайт.

- 90 секунд ичинде «тоннелден» өтүп, декларациясы тастыкталган айдоочу, бажы кампасына барбай туруп, жүгүн өзүнүн кампасына түшүрөт.

- Бажы салыгын 10 иш күн ичинде банк аркылуу которот.

 «Бир Бол» №13 – парламенттеги сиздин үнүңүз!

«Бир Бол» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен «Бир Бол» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 30-сентябрь, 2020-жыл.

Тэги: Бир Бол бажы пункттары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу