«Бакубат Талас» фонду илдетти аныктоочу тесттерди алууга 6 млн сом бөлөт

25.03.2020, 11:00 Акчабар
«Бакубат Талас» фонду илдетти аныктоочу тесттерди алууга 6 млн сом бөлөт

ОсОО «Алтын Альянс» тарабынан түзүлгөн «Бакубат Талас» бакубаттуулук фонду жергиликтүү калкты колдоо максатында 6 млн сомго Талас ооблусуна коронавирус илдетин аныктоочу атайын тест алып берет. Бул тууралуу «Альянс Алтындын» официалдуу сайтында маалымдалат. 

«КР аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте илдеттин таркалышын алдын-алуу боюнча Талас облусунда иштерди жүргүзүп жатабыз. Бугүнкү күндө вирусту аныктоочу тесттердин жетишсиздигине байланыштуу, бөлүнгөн каражаттар тест алууга жумшалат», — деп айтты «Алтын Альянстын» башкы директору Шайлообек Таиров

 

Андан сырткары, «Да-Мир» коомдук бирикменин «Бирге коронавируска каршы» долбоорунун ыктыярчыларына материалдык жардам катары 140 миң сом бөлүнөт. 

Тэги: илдетти аныктоочу тест

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу