Ат-Башынын балы Лондондо алтын медаль алды

28.05.2019, 12:27 Акчабар
Ат-Башынын балы Лондондо алтын медаль алды

Кыргызстандын ак балы Лондондогу сынакта алтын медаль алды. Фестивалга кыргыздын Ат-Башы айылынын балын арабиялык Балгиис дүкөнү алып барган деп билдирди  КТРК каналы.

Компаниянын директору Рияд Хамеддин айтуусунда, кыргыз балы экологиялык сапаты жана өзгөчө даамы менен бааланган.

Ал белгилегендей, Ат-Башы балы буга чейин да бир канча белгилүү бал сынактарында сыйлык алган. Бул жакшы көрсөткүч, мындан ары да ушул сапатты жоготпоону кеңеш берем, - дейт. 

"London International Honey Awards" сынагынын алтын медалы - мыктылардын мыктысын аныктоодо маанилүүлүгү жагынан экинчи орунда турат. Биринчи орунга платина медалы ыйгарылат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу