Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берилди

31.03.2022, 17:41 Акчабар
Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу өлкөнүн келечеги үчүн чоң мааниге ээ болгон жаңы темир жол түйүнүнүн негизин түзөрүн белгиледи.

"Советтер союзу таркагандан кийин, Кыргызстан эгемендикке ээ болуп, кыргыз темир жолу мекемеси түзүлгөндөн тарта бир дагы километр жаңы темир жол курулган эмес.

Андыктан баарыңыздарды бүгүнкү темир жол тармагынын өнүгүшүндө жаңы багыт, жаңы саамалык, чоң кубаныч менен куттуктайм.

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы "Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече" темир жолунун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.  Бул долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы биз сөз кылып, курулушун баштайбыз деп турган узундугу 63 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолун куруу болуп саналат", — деди Президент.

Жапаров белгилегендей, бүгүнкү күндө Кара-Кече кенинен казылган көмүр автотранспорт менен Балыкчыдагы станцияга жеткирилет. Андан ары темир жол аркылуу Бишкекке жана республиканын түндүгүндөгү башка калктуу пункттарга ташылат. Автотранспорт менен ташууда көмүрдүн баасы бир кыйла өсүп кетет. Ага кошумча Кара-Кечеден каттаган жүк ташуучу унаалар  жолдорду бузууда. 

"Ошондуктан, Балыкчы станциясынан көмүр кенине чейин темир жол куруу эл үчүн, өлкө үчүн экономикалык жактан кыйла пайдалуу болот. Ошентип, аталган долбоор биринчи кезекте Бишкек шаарынын калкын жана Бишкек жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылууда Кара-Кечеден көмүр ташуу үчүн эң арзан жол болуп саналат. Жаңы темир жол куруунун натыйжасында өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүгө, экономиканы алдыга жылдырууга шарт түзүү, аймактарыбызды транспорт байланышы менен камсыз кылууну арттыруу жана жалпы эле өлкө бүтүндүгүн чыңдоо сыяктуу бир нече милдеттерди чечүүгө жол ачылат", — деп белгиледи Жапаров.

Тэги: Балыкчы-Кочкор темир жолу Президент Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу