Балыкчыда кызмат адамдары аскерлердин 900 миң сомдон ашык маянасын кымырып алган

26.04.2022, 14:05 Акчабар
Балыкчыда кызмат адамдары аскерлердин 900 миң сомдон ашык маянасын кымырып алган

Аскер прокуратурасы тарабынан Куралдуу күчтөрүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо жана токтотуу багытында иш чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө Балыкчы шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүндө кызмат адамдары финансалык документтерди жасалмалоо жолу менен аскер кызматчылардын маянасына арналган 900 миң сомдон ашык акча каражатын өз пайдаларына сиңирип алышкандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Тэги: аскер маяна куралдуу күчтөр прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу