2019-жылы Кыргызстандын айыл-чарба продукциясы боюнча тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү январь-октябрь айларында 662,1 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлиги билдирет.
Экспорт 26,7% көтөрүлүп, 224,1 млн долларды түзгөн, ал эми импорт 9,6% көтөрүлүп дээрлик 531,7 млн долларды түздү.
10 ай ичинде 84,5 млн долларга 189 миң жер-жемиш импорттолгон. Бул 2018-жылдын 10 айына салыштырмалуу 20,7% көп болгон.
Банан импортунун көлөмү 8 миң 806,4 тоннадан 15 миң 839,6 тоннага чейин жогорулап, 3 млн 497,3 миң долларды түзгөн.