"Бай-Түшүм Банкы" ААКнын акционерлери 2022-жылга дивиденддерди төлөбөй туруу чечимине келишти. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Буга "Бай-Түшүм" банкынын кошумча капиталдык резерв боюнча ченемдик талаптарды аткарбагандыгы себеп болгон. Капиталдын буфердик коэффициенти 20% болушу керек экенин белгилей кетүү керек.
Кошумчалай кетсек, 3-апрелде директорлор кеңешинин мүчөсү Лида Вардания кызматтан кеткен.