«Бай Түшүм» банкы Дүйнөлүк акча жумалыгын жыйынтыктады

19.04.2019, 10:00 Акчабар
«Бай Түшүм» банкы Дүйнөлүк акча жумалыгын жыйынтыктады

 «Бай Түшүм» банкы Дүйнөлук ачка жумалыгын активдүү өткөргөн банк болуп калды. кыргызстанда өткөн VII Дүйнөлук акча жумалыгы  8- 16-апрелге чейин жүргөн. 

Акча жумалыгы аралыгында банк кызматкерлери  акчаны сарамжалдуу колдонуу боюнча республика бюоюнча мектептерде, лицейлерде жана окуу жайларында  тренинг өткөрүштү.Интерактивдүу оюндарга 76   окуу жайлары катышып, Бишкек жана бүт өлкө боюнча 8.5 миң бала катышты. 

Банк мындан тышкары  «Кыялдан. Топтоо. Ишке ашыр!» -аттуу  улуттук сүрот сынагын уюштурган. «Бай Түшүм» банкынын тарыхында биринчи жолу 546 сүрөт санариптештирилип, , ал интернеттеги  gmw.baitushum.kg. дарегине жайгаштырылды. 

16-апрелде Дүйнөлүк  акча жумалыгын жабылуу аземинде сынактын жеңүүчүлөрун сыйлоо уюштурулду. Башкы орундарга жетишкен балдар менен кыздар өз ой пикирлери менен бөлушүп, кыялдарын айтышты. 

Каныкей Кушунова  Талас:

«Мен сүрөттө бизнес-планымды тартым. Гүлөрдү өстүрүп саткым келет. Учурда менен  А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте бийге катышам. Келечекте Парижде бийлегим келет».

Жасмина Минажиддинова  Кызыл-Кыя 

 Эмгегин экологияга бурган. Ал жаратылышка аяр мамилени тартып, акчаны табигатты сактоого жумшарын жазган. Келечекте ал дизайнер болгусу келет. Ошон үчүн көп нерсени үйрөнүп, окуушу керек.  

Майя Мамбетисаева Бишкека:

«Мисалы  сен кайсыл бир жерде иштейсиң, ал үчун алган акчаңды чогултасын.  Өзүң каалаган сумманы топтогон соң, кыялыңды орундатасың».

Сүрөт тарткан талантына карабай, бул кыз хируг болууну кыялданат.

Тэги: Бай Тушум банк конкурс Всемирная неделя денег

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу