“Кыргызстан” банкы уставдык капиталын көбөйтөт

15.04.2022, 14:18 Акчабар
“Кыргызстан” банкы уставдык капиталын көбөйтөт

“Кыргызстан” коммерциялык банкы акциялардын кошумча көлөмүн чыгаруу менен уставдык капиталын көбөйтөт. Мындай чечим акционерлердин жылдык жыйынында кабыл алынганын Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Банкты капиталдаштыруу өткөн жылдагы бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен ишке ашырылат.

Эске салсак, март айында Улуттук банк банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнүн талаптарын 1 млрд сомго чейин көтөрүү ниетин билдирген. Ал эми 2022-жылдын февраль айында “Кыргызстан” коммерциялык банкынын уставдык капиталы 1 млрд 936,7 млн сомду түзгөн.

Тэги: Банк КЫРГЫЗСТАН уставной капитал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу