Ушул жылдын 10-июнунан тартып Россия Федерациясынын Борбордук банкы номиналы 3 рубль болгон "Кузбасстын түзүлгөндүгүнүн 300 жылдыгы" эстелик күмүш монетаны жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.
Күмүш монетанын салмагы 31,1 грамм, эритмесинин тактыгы 925. Монета мыкты сапатта жасалган. Тиражы - 3 миң даана.
Чыгарылган монета Россия Федерациясынын аймагында накталай акча төлөөнүн мыйзамдуу каражаты болуп саналат жана төлөмдөрдүн бардык түрлөрүндө номинал боюнча эч кандай чектөөсүз кабыл алынууга тийиш.