Башаламандык учурунда тоо-кен компанияларына болгон чабуул – Кыргызстандагы өнөкөт маселе

30.12.2020, 15:00 Акчабар
Башаламандык учурунда тоо-кен компанияларына болгон чабуул – Кыргызстандагы өнөкөт маселе

2020-жылдын 5-7-октябрында болуп өткөн башаламандыктын кесепетин Кыргызстан кийинки жылы сезет. Инвесторлор өз пландарын өзгөртүштү жана беш компания 128 млн доллар ала албай калды. Саясий кризис өлкөдөгү инвестициялык климатты түп-орду менен өзгөрттү. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

 

 

Инвестициянын басымдуу бөлүгү тоо-кен тармагында жана бул тармак Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларга абдан сезимтал келет. Бир нече айлардан бери Эл аралык ишкерлер кеңеши бизнес-коомчулуктун атынан өлкөдөгү тоо-кен тармагын коргоону жана ишмердүүлүгүн жандантууну суранып келишет. Тоо-кен тармагындагы бир компаниянын иши токтосо - мультипликативдик эффект сыяктуу башка тоо-кен компаниялары дагы токтоп кала берет.

 

«Тоо-кен казган компаниялардагы бир жумушчу орун башка тармактагы төрт кишиге жумушчу орун түзуп берет. Бул – кафе, дүкөндөр, мейманкана жана башкалар. Бир кен казган сектордун жоготуусу башка тармакка дагы таасирин тийгизбей койбойт. Бирок, баары жакшы болот деген үмүт дагы деле бар, региондордо жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп билдирди Сыдыков.

 

Улуттук бизнес-ассоциация альянсынын эсебине ылайык, 8-октябрга карата Кыргызстан 8 млрд сом же 104 млн доллар жоготту. Дээрлик 20 келишим жана 210 млн долларга жакын бизнес-долбоорлор жокко чыгарылган.

Башаламандык убагында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы бир күнгө ишин токтоткон. Кара-Кечени белгисиз топтошкон адамдар басып алышып, кассадан 500 миң сом акча уурдалган. Бирок, кийин бул акчаларды кайрадан ордуна кайтарыпалып келип беришкен. Андан сырткары, көмүрдү экспорттоо боюнча бардык кагаз, документтерди чыгарып алып кетишкен.

Бишкекте башкы кеңесени басып алуу боюнча бир катар аракеттер болгон, бирок имаратты шаардын активдүү жаштары кайтарып, сактап кала алышты. Андан сырткары,  ААК «Кыргызалтынды» жана ЖАК «Кумтөр Голд Компаниянын» кеңселерин басып алуу боюнча бир катар аракеттер көрүлгөн. Бирок, алардын максаты ийгиликсиз болду.

 

Жалал-Абад облусу, Ала-Бука районуна караштуу Бозымчак жергиликтүү калктын талабынан улам, өз ишин баштаган.

KAZ Minerals компаниясы толук кандуу ишин баштоо үчүн өлкөдөгү саясий туруктуулукту күтүп жатат. Компания азырынча канча чыгымга учураганын толук эсептеп чыга элек. Бирок, компания 26-декабрда ишин жанданткан.

Андан сырткары, Терексай кен казуучу жери 2 айдан кийин ишин жанданткан. Ал эми Тоо-металлургиялык профсоюздун Борбордук комитетинин өкүлү Эльдар Тажибаев билдиргендей, тоо-кен тармагы токтоп калган учурда, өлкө ай сайын дээрлик 1.5 млн доллар кирешесинен куру калат. ОсОО Full Gold Mining жана ЖАК «Кичи-Чаараттын» техникалары жана жабдыктары талкаланып, эң ири жоготууга учурашкан.

Ошондой эле тоо-кен тармагындагы башаламандык, басып алуулар Таластагы Жерүй кенинен дагы айланып өткөн жок. Алгач, 6-октябрь күнү 200гө жакын адам ишканага кирип барып, жумушту токтотуу талабын коюшкан. Кийин складдар тонолуп, техникалар жана алтынды калыбына келтирүүчү ишкана өрттөлгөн. Декабрда Жерүйдө калыбына келтирүү иштери башталган, бирок бул ишкана толук кандуу ишин баштады дегенди билдирбейт.

 

Өкмөт компаниянын иши 2021-жылы жандануусун күтүп жатат. Өлкөнүн коомчулугу жана бизнес-тармагы мамлекеттик бюджетти толтуруп гана эмес, бардык облустарга жардам көрсөтүп жаткан ишканага эмнеге мынчалык чабуул болгонун түшүнө беришпейт. Келтирилген чыгымдын алдын-ала суммасы 15-20 млн долларды түзүүдө. Кайрадан калыбына келтирүү иштерин компания өз эсебинен жүргүзөт. Белгилей кетүүчү нерсе, салыктык эмес төлөмдөрдөн сырткары, «Альянс Алтын» компаниясы «Бакубат Талас» фондунун эсебине дагы акча которуп турат. Пандемия учурунда облуска 16 млн сомго (анын ичинен 12 млн сому жумшалды) жардам көрсөтүлгөн, 20 кычкылтек концентраторлору сатылып алынган. Бул тууралуу эксперт Игорь Шестаков билдирди.

 

«Менин эсимде «Альянс Алтындын» социалдык маселелерди чечүүдө жардам бергени, ИВЛ жабдыктарды алып берген учурлары менен калды. Ал учурда бул жабдыктар алтындан дагы кымбат турган. Ошон үчүн мен мындай башаламандыкка, кымбат техникалар өрттөлүп, техникалык объектердин таланып-тонолгонуна таң калдым», — деп айтты Шестаков.

 

Ал белгилеп өткөндөй, Жерүй сыяктуу ири компаниялар инвестициялык климаттын күзгүсү болуп эсептелинет. Анын үстүнө 2021-жыл өлкө үчүн оор жылдардан болот. Мындай кризис учурунда өлкөнүн бийлиги бизнести коргоосу керек эле.

 

 

«Мындай кырдаалда бир гана орусиялык эмес, башкаөлкөлөрдөн дагы инвесторлор келишпейт. Жерүй, Кумтөр сыяктуу ири долбоорлор инвестклиматтын күзгүсү болуп саналат. Кыргызстанда тоо-кен тармагын иштетүүчү өз алдынча ресурстун жок экендигин түшүнүү керек», — деп түшүндүрдү эксперт.

 

Игорь  Шестаковдун билдирүүсүнө Евразия аналитикалык клубдун жетекчиси Никита Мендкович дагы макул экендигин билдирди. Орусиялык эксперттин айтымында, 2020-жылы Кыргызстан инвесторлордун ишеничине күмөн саноолорду жаратты. Комбинаттарга болгон чабуулдар, активисттердин өз алдынча тартып алуулары, жергиликтүү тургундардын нааразычылыктары – бизнеске кооптонууну жаратты.

 

«Мындай абал шайлоонун жыйынтыгы туура деп табылганда гана жакшырат. Бирок, бийликтен маселени түп-орду менен чечүү үчүн олуттуу кадамдар талап кылынат», — деп эсептейт Мендкович.

 

Никита Мендкович, бул маселелер Кыргызстан үчүн өнөкөт болуп калгандыгына маани берүүдө. Бул өнөкөт өнөр-жай тармагынын өсүүсүнө көптөн бери тоскоолдукту жаратып келет. Ошон үчүн жаңы бийликке экономиканы калыбына келтирүү маселесин чечүү турат.

Азырынча тоо-кен тармагы токтоп турган убакта, өлкөнүн бюджети ай сайын миллиондогон долларларды жоготууда, ал эми потенциалдуу инвесторлор Кыргызстан менен иштешүүдөн баш тартып жатышат. Ал эми бийлик болсо, өлкөнүн стабилдештирүү жана ишкананын кызыктчылыктарын коргоп берүүнү убада кылууда.

 

Тэги: Кыргызстан башаламандык Тоо-кен компания өнөкөт маселе Жерүй Кумбел

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу