Башкы прокуратура: Мамлекетке 4 млн сомдон ашык суммадагы жер тилкелери кайтарылды

26.03.2021, 11:45 Акчабар
Башкы прокуратура: Мамлекетке 4 млн сомдон ашык суммадагы жер тилкелери кайтарылды

Мамлекетке 4 миллион сомдон ашык суммадагы жер тилкелери кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, прокуратуранын доо ишин жүргүзүүнүн натыйжасы боюнча, жер тилкелери Чүй районунун Бурана жана Сайлык айыл өкмөттөрүнүн менчигине кайтарылып берилген.

2016-жылдын 5-январында Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн токтому менен жеке адамга күнөскана куруу үчүн айыл чарба багытындагы 9,48 гектар болгон жер участогу акысыз түрдө берилгендиги аныкталды.

Ошондой эле Чүй районунун Сайлык айлык өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-декабрындагы жасалма токтомунун негизинде К.К. аттуу жаранга турак жай куруу үчүн аянты 800,0 чарчы метр болгон жер тилкеси ажыратылып, жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилген.

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында айыл өкмөттүн токтому жасалма экендиги жана ал документтин негизинде Каттоо органына катталгандыгы аныкталды.

Жогоруда аталган актыларын жараксыз деп табуу жана жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарып берүү максатында, райондук прокуратура тарабынан сотко административдик доо арыздар келтирилген.

Чүй облусунун Административдик сотунун чечимдерине ылайык, райондун прокурорунун доо арыздары толугу менен канааттандырылып, 4 млн жана 200 миң сомдон ашык бааланган жер тилкелери Бурана, Сайлык айыл өкмөттөрүнүн муниципалдык менчигине кайтарылып берилди.

Аталган фактылар боюнча материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тэги: прокуратура мамлекет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу