Башкы прокуратура: Кара-Кулжа айыл өкмөтү мамлекетке 2 млн сом зыян келтирген

28.12.2020, 17:45 Акчабар
Башкы прокуратура: Кара-Кулжа айыл өкмөтү мамлекетке 2 млн сом зыян келтирген

Кара-Кулжа айыл өкмөтү мамлекетке 2 миллион 750 сомдук зыян келтиргендиги аныкталды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

 

 

Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2009-жылы кабыл алынган мыйзамсыз токтому менен Т.Абакир уулу атындагы стадионго тиешелүү жеринин 816 чарчы метр жер аянты О.Т. аттуу жаранга берилип кеткенин райондук прокуратура аныктаган.

Тергөө маалында белгилүү болгондой, жогорудагы социалдык багыттагы жер тилкенин базар баасы 2 млн 750 миң сомду түзөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган факты Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Кылмыштардын жаран жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдарын уюштуруу үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырылган.

Мындан сырткары, айыл өкмөттүн жерди ажыратып берүү жөнүндөгү мыйзамсыз токтомун, анын негизиндеги мамлекеттик актыны жана соода-сатык келишимин жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыздар келтирилип, учурда соттук кароолордо.

Тэги: Кара-Кулжа Башкы прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу